Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Былтыр 1 млн. 929,2 тонна буудай жыйналган


Бул тууралуу айыл-чарба министри Искендербек Айдаралиев азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамды талкуулоо учурунда парламент жыйынында билдирди. Мыйзамга ылайык калкты азык-түлүк менен камсыздоо үчүн 2009-2015-жылдарды камтыган узак мөөнөткө эсептелинген программа иштелип чыгып, ал былтыр өкмөт жана Коопсуздук кеңеши менен макулдашылган. Программага ылайык 2009-жылы жазгы талаа иштерине 550 млн. сом бөлүнгөн. Ошондой эле былтыр дыйкандарга үстөк пайызсыз товардык насыя ирээтинде буудай жыйноочу 20 комбайн, 221 тракторлор тапшырылган. «Айылбанк» Акционердик коому тарабынан айыл-чарба ишкерлери үчүн 150 млн. сом эсебинде насыя берилген. Мамлекеттик колдоонун эсебинде былтыр айыл-чарба продукттардын товар алмашуусу 110,1 млрд. сомду түзгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG