Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

“Кыргызгаз” коопсуздук кызматын ачты


Көгүлтүр отунду колдонууда мыйзам бузууларга орун бергендерди аныктоо жана газдан жоготууларды алдын-алуу боюнча “Кыргызгаз” өзүнүн коопсуздук кызматын ачты. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында “Кыргызгаздын” башкы директору Саламат Айтикеев билдирди. “Өлкөдө бул өңдүү фактылар жетиштүү. Алар тасмага жаздырылып, актылар менен тастыкталган. Абоненттер менен газды көзөмөлдөөчүлөр сүйлөшүп алып газды уурдоо аракетин чагылдырган сюжеттер бар” дейт “Кыргызгаз” директору. Бүгүнкү күнгө "Кыргызгазга" дебитордук карыз 400 млн сомго жетип, ал карыздын барандуу бөлүгү шаар тургундарына таандык. (EK)

XS
SM
MD
LG