Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Ө.Токтонасыров: Мени 9-бөлүмдүн кызматкерлери коркутуп жатышат

Бул тууралуу “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин 9-бөлмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Таалай Мамбетакунов аны бөлүмгө келип кетүүгө чакыруу кагазын жибербей эле, телефон аркылуу келип кет деп опузалаган. “Милициянын подполковниги кызмат абалынан пайдаланып, мени коркутуп-үркүтүүгө өткөндүгү үчүн шаардык прокуратурага арыз менен кайрылам”,-дейт Токтонасыров.
Ал эми подполковник Таалай Мамбетакунов болсо Ө.Токтонасыровду опузалап, коркутпагандыгын, болгону мыйзамдын чегинде иш кылуусун өтүнүп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн “Азаттыкка” билдирди. (AJ)
XS
SM
MD
LG