Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:59

Кытай АКШнын Тайванга курал сатуу планына нааразы


Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн Коргоо министрлиги АКШ менен аскерий кызматташуусун убактылуу токтотконун кабарлашты. Анын алдында Кытай тышкы иштер министринин орун басары Хе Яфей АКШнын Тайванга курал-жарак сатуу планы Бээжин-Вашингтон мамилелерине жана “эки кубаттуу держава ортосундагы кызматташтыкка” терс таасирин тийгизет деп билдирген. Бир нече күн мурун Обама администрациясы Тайванга курал сатуу ниети жөнүндө Конгрессти кабардар кылган эле. Келишимге ылайык, Тайван 6,4 миллиард долларга курал-жарак, анын ичинде согуштук тик учактарды, Patriot ракета кармагычтарды алмакчы. Кытай Тайванды өзүнүн жикчил аймагы катары кабыл алып келет

XS
SM
MD
LG