Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор ЖК күн тартибине киргизиле элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак жол” фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов билдирди. Анын айтымында, күн тартиби дүйшөмбү күнү төраганын жыйынында каралат. Аталган долбоорду өткөн шейшембиде Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети карап, “Президенттик кеңешме” деген сөздү “Мамлекеттик кеңешке” алмаштырууну сунуштаган. Шаршемби күнү болсо бул сунушту фракциялар карап, долбоорду жалпы жыйынга алып чыгууну сунуштаган. Бирок долбоор өткөн жумадагы парламент жыйынында каралган жок. Тиешелүү комитет мүчөлөрү муну долбоор ар тараптан каралып жатканы менен түшүндүрүүдө.

Андагы негизги маселе - өлкө башчысынын милдетин аткаруучуну президенттик кеңешме аныктайт деген жобого байланыштуу болууда. Конституциялык сот баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Президенттин мыйзам долбоорун 21-январда карап, аны негизинен жактырган. Бирок Президенттик кеңешме мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуну аныктайт деген жобого каршы пикирин билдирип, аны башка коллегиялдык орган менен алмаштырууну сунуштаган болчу. (SM)

XS
SM
MD
LG