Ирактын эң ири мунай кенин Россиянын "Лукойл" компаниясы жана анын норвегиялык шериги Statol ASA фирмасы өздөштүрмөй болду. Тиешелүү келишимге бүгүн кол коюлду. 20 жылга мерчемделген макулдашууга ылайык, "Лукойл" жетектеген топ Батыш Курна кенин өнүктүрмөкчү. Кендин запастары болжолу менен 12,88 миллиард баррелди түзөт. "Лукойл" кенди өздөштүрүү укугун 1997-жылы эле алган, бирок 5 жылдан кийин өлкөнүн ошол кездеги президенти Саддам Хуссейн келишимди жокко чыгарган.