Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылына калың жааган карды, жол оңдоо мекемеси тазалоодон баш тартып, 200 түтүн жергиликтүү тургундар акча чогултушуп эптеп район борбору менен байланыштырган жолду ачтырды. Бул тууралуу айылдын тургуну Алтынбек Туратбеков “Азаттыкка” билдиди.
- Ар бир түтүн 25 сомдон чогултуп, көчөлөрдү анан Түп районуна чыкчу жолду, Талды-Сууга кетчүү жолдогу карды бир эле унаа өткөндөй кылып эл түрттүрдү. Өкмөттөн эч кандай жардам болгон жок, караган да жок. ДЭУга кайрылсак, алар “ал жол биздин картада жок”,- дейт .
А.Туратбековдун маалыматына караганда, жол каттамы дале болсо оор бойдон калууда. (AJ)