Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

АКШда кыргыз жаштары жыйын курду


30-январда АКШда чет өлкөдөгү кыргыздар кыймыл уюштуруу жыйынын өткөрдү
Анын негизги максаты Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшү менен мыйзамдуулуктун сакталышын колдоп, өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө болуп саналат. АКШда чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын башын бириктире турган кыймылдын уюштуруучулардын бири Рафшан Жээнбеков: - Жыйында ошондой эле азыркы күндөгү жалпы саясий экономикалык абал. Астраномиялык ылдамдык менен артка карай кетип атат. Экинчиси белгилүү оппозициялык жарналист Геннадий Павлюктун өлүмү менен Кыргызстандагы авторитеттүү оппозициянын лидерлеринин бири Исмаил Исаковдун камалышы азыркы чогулушка түрткү берди,-дейт.

Жыйын соңунда журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө жана генерал Исмаил Исаковдун камалышына байланыштуу кайрылуу кабыл алышты.
Маалыматка караганда жыйынга 30 ашуун кыргыз жаштары катышып, кийинки жыйын февраль айында Германия, Лондон, Москва жана башка жактагы кыргыз жаштарынын жана эл аралык уюмдардын катышуусунда өткөрүлө турган болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG