Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Бөлүштүргүч компаниялар боюнча тендерге катышуунун акыркы күнү


Бүгүн “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Чыгышэлектрону” менчик колдорго сатуу боюнча тендерге катышуучулардан документ алуунун акыркы күнү. Саат 15:00 баштап документ алуу токтойт. Бул тууралуу мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, азыркы мезгилде канча компания тендерге катышуу арызын бергени белгисиз. Ал түштөн кийин айкын болот.
“Түндүкэлектро” боюнча тендердин жыйынтыгы болсо чыга элек. Бул компанияны сатуу боюнча тендер 29-декабрда соңуна чыккан. Учурда өкмөттүк комиссия жеңүүчүнү аныктоонун үстүндө иштеп жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG