Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

К.Сарбаев Лондондо Ооганстан боюнча жолугушууларды өткөрдү


Мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев 28-январда Лондондо болгон Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда Кыргыз президенти К. Бакиевдин “Бишкек демилгесинин” негизги максаты жана маселелери боюнча маалымат берди. Конференциянын жүрүшүндө К. Сарбаев Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Түштүк Корея, Франция, Испания, Чехия, Литва, Индонезия жана башка өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуулар менен катар Ооганстан боюнча өз ара кызматташуу маселелери талкууланган. Бул тууралуу Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG