Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

Алайда 3-февралда нааразылык акциясы болот


Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиевдин бүгүн “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, 3-февралда Сопу-Коргон айылында нааразылык акциясы өткөрүлөт. 5-февралда ошондой эле акция район борбору Гүлчөдө өткөрүлөт. Мындай чечим бүгүн И. Исаковду коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынды. Бул акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү үчүн тийиштүү маалымдамалалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берилди. Белгиленип жаткан акцияларга атчандар да катышат. Алардын талабы Исмаил Исаковду бошотуу болууда. Алай районундагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин 45 мүчөсү бар. Алты айыл өкмөттө комитеттин бөлүмдөрү түзүлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG