Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Чет элдик студенттерден ЖОЖдор жылына 1,5-2 млн.доллар киреше табат


Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик эмес билим тармагына арналган тегерек үстөлдөгү талкуу учурунда айтылды. “Билим берүү мекемелеринин союзу” ассоциациясынын жетекчиси Гайша Ибрагимованын билдирүүсүндө, Кыргызстан билим берүү жаатында кызмат көрсөтүүдө эл аралык чөйрөгө чыгып, экономиканын өтө тездик менен өнүгүп жаткан тармагына айланып баратат. Бүгүнкү күнгө өлкөнүн ЖОЖ системасы чет элдик студенттерди окуутуу менен бир жылда эле 1,5-2 млн. АКШ доллары эсебинде пайда көрүшүүдө. Акыркы кезде Кыргызстандагы билим берүү жакынкы жана алыскы чет элдик жаштар үчүн кызык боло баштады. Учурда өлкөдө 25 миңден ашык чет элдик студенттер жогорку билим алышат. Алардын 3 миңге чукулу алыскы өлкөлөрдөн келген жаштар. Кыргызстандан билим алганы көбүнчө Кытай, Индия, Түркия, Түркмөнстан, Тажикистан, Казакстан жана Өзбекстандан жаштар келишет. ( EK)

XS
SM
MD
LG