Бул Гурбангулы Бердымухаммедовдун Францияга биринчи расмий сапары. Үч күнгө созулуучу сапардын учурунда ал француз президенти Николья Саркози, тышкы иштер министри Бернард Кушнер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Табигый газга бай Түркмөнстандын көгүлтүр отунун алууга Орусия, Кытай менен катар соңку кездери Евробиримдик да умтулуп келүүдө.
Бийликти мурдагы президент Сапармурад Ниязов дүйнөдөн өткөндөн кийин ээлеп калган Бердумухаммедов өлкөсүн чет элдик инвестицияга ачууга убада кылган. Бирок режимдин сынчылары ал буга чейин көргөн айрым чараларды косметикалык деп гана мүнөздөп келишүүдө. Хьюман Райтс Уочт, Чек арасыз кабарчылар өңдүү эл аралык уюмдар француз президентин түркмөн лидери менен жолугушуу учурунда адам укуктары маселесин көтөрүүгө чакырышты.