Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

СДП С.Мельникоффдун көргөзмөсүн ачууга каршы чыкты


Социал-демократтар фракциясы Сергей Мельникоффдун көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде уюштурулушун айыптап бүгүн өкмөт башчы Данияр Үсеновго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда бул көргөзмө үчүн мамлекеттик музейден аянт бөлүп берүү кыргыз-орус мамилесине өз залакасын тийгизээри айтылып, бул калктын орус тилдүү бөлүгүн жана музейде чыгармалары сакталган И. Репин, И. Шишкин, И. Айвазовский, П. Кончаловский, Р. Фальк, А. Лентуловдун жаркын элесин келекелегендикке тете деп бааланат. Кайрылууга фракция лидери Роза Отунбаева баштаган 4 депутат айымдын колу коюлган. Бишкекте фотограф Сергей Мельникоффдун көргөзмөсүнүн ачылышы 11-февралга белгиленип жаткан. ( EK)

XS
SM
MD
LG