Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Ысык-Көлдө окуялуу фильм тартылууда


Белгилүү кинорежиссер Эрнис Абдыжапаров орусиялык кесиптештери менен биргелешип учурда Ысык-Көлдө жаңы кино тасма тартып жатат. Ал тасмада Кыргызстанда террордук актынын алдын алууга катышкан россиялык МАИ кызматкерлеринин кызыктуу окуясы көрсөтүлөт.

- Эрнест мырза саламатсызбы. Азыр жол жүрүп келатыпсыздар, кайдан келатасыздар?

- Азыр Караколдун тоо арасындагы лыжа базасына баратабыз. Жакында эле Астахов жана Гусев деген орустун белгилүү артисттери келип тартылып кетишти. Ошондо каскадерлордун трюктары калып калган, ошону тартканы баратабыз азыр.

- Түндө дагы тартып жатасыздарбы?

- Албетте, азыр 8-январдан баштап эле күнүгө съемка болуп атат, эми кудай буюрса февралдын башында бүтүп калабыз го деген ойдобуз.

- Эрнис мырза, сиз тартып аткан фильм тууралуу айтып кетсеңиз. Ушул тасманын негизги мазмуну кандай?

- Бул биз көнүп калган сериалдар деп коет. Бирок бул сериалдан айырмасы орусча айтканда цикл фильмов деп койсок болот. Он биринчи киносу Кыргызстанда болуп атат. Орустун эки ГАИшниги сериядан серияга ар кандай окуяларга кабылып, чоң кылмыштарды изилдеп жүрүшөт да. Жайында биз менен таанышып калышып, эгер эки ГАИшник Кыргызстанга барып күтүлбөгөн окуяларга барып кабылса кандай болот деген сунуш менен бизге кайрылып, ошондон бери биргелешип иштеп жатабыз. Сценарий боюнча Санкт-Петербургдан машинесин уурдатып ийишет, машинесинин изи бул жакта Кыргызстандан чыккандыктан, алар бул жакка келип машинесин издеп отуруп, чоң теракт окуянын алдын алганга чоң салым кошушат.

- Кайсы артисттер катышып атат сиздин кино тасмага?

- Мен айтып кеткендей Астахов менен Гусевден тышкары , “Уурунун махабатында, “Боз салкында” тартылып жүргөн актрисабыз Элина Абай кызыбашкы каарманды ойноп атат. Алиман деген кызыбыз экөө ойноп атышат, алар ГАИшниктерге жардам беришет. Андан тышкары аябай жакшы көргөн артисттер Камчы Сарбаев, Аскат Сулайманов катышат. Кыргызстанда болуп аткан окуялардын баарында эле кыргыз артисттери ойношот.

- Ал эми техникалык, каржылык жактан проблемалар болгон жокпу?

- Каржылык жактан биздин баабызды билип калган окшойт, биздин ойдогудай болгон жок каржылоо. Бирок ага карабастан аябай кызыктуу фильм болот деген пикирлер угулуп атат. Себеби техникалык жогорку сапатта тартылып жатат. Мисалы "Айтышфильм" менен сүйлөшүп, алардын камерасын алып атабыз, өзүбүз дагы жаңы жабдыктарды алууга мүмкүнчүлүк алдык.

- Канча сериялуу болчудай фильм?

- Биз Кыргызстанда болуп аткан окуя телеформатта 2 серия деп коет. 52 мүнөттөн. Ал эми мындай болсо 104 мүнөт, толук метраждуу тасманын көлөмүн камтып атабыз.

- Рахмат, чыгармачылык ийгилик болсун.
XS
SM
MD
LG