Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:49

АКШ президенти келерки жылдын бюджет долбоорун Конгресске жөнөттү


Барак Обама Конгресске бүгүн жолдогон долбоор боюнча АКШнын келерки жылкы бюджетинин көлөмү 3,83 триллион долларды түзөт, ал бюджеттин күтүлгөн таңкыстыгы 1,56 триллион доллар деп көргөзүлгөн. АКШ президентинин бюджет планы жумушсуздуктун деңгээлин учурдагы 10%дан төмөндөтүүнү, жаңы иш орундарын түзүүнү көздөйт.
Оппозициядагы республикачылар Обаманын бюджет планын сынга алып, өкмөт экономикалык кризис шартында акчаны мындай жол менен сарптабоосу керектигин белгилешти. Ал эми бийликтеги демократтар АКШ азыр туш болуп жаткан көйгөйлөр мурдагы президент Жорж Буштун администрациясы карманган саясаттын натыйжасы экендигин айтуу жооп беришти. Президент Барак Обама болсо бюджет долбоорун жарыялар алдында тараткан билдирүүсүндө, фискалдык чөйрөдө тартип орнотулмайынча, АКШ туруктуу жана бекем экономикалык өсүшкө ээ боло албай тургандыгына токтолгон.

XS
SM
MD
LG