Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңешке алмаштырууга Президент макулдугун берди


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинен бүгүн кабарлашты. Бул комитет бүгүн жыйын куруп, анда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Президенттин мыйзам долбоорун карайт.
Президенттик мыйзам долбоорго Конституциялык сот 21-январда корутундусун берип, бирок анда Президент милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме аныктайт деген жобону өзгөртүүнү сунуштаган. Жогорку Кенештин Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитети 26-январда корутундуну карап, Президенттик кеңешме деген сөздү Мамлекеттик кеңеш менен алмаштырууну сунуштаган. Бул сунушка Президент өз макулдугун бергени бүгүн парламенттен кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG