Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Ынтымак Курултайынын делегаттары 16-февралга дейре такталат


Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин демилгеси менен уюштурулуп жаткан Ынтымак Курултайына катышчу делегаттар 16-февралга дейре такталышы керек. Бул тууралуу Курултайды уюштуруу комитеинин экинчи жыйынында айтылды. 23-мартта өтө турган Курултайга 750 делегат катышаары белгилүү. Өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинскийдин билдирүүсүндө, президенттин жардыгына ылайык квотада каралгандай, Курултайга ар бир административдик аймактык бирдиктерден өкүлдөр катышыш керек. Учурда өлкөдөгү бардык айыл өкмөттөрү менен шаардык кеңештерде Курултайга делегаттарды шайлоо жараяны жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.(EK)

XS
SM
MD
LG