Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Медиа өкүл институту атын өзгөрттү


Медиа өкүл институту мындан ары Медиа полиси институту деп аталат. Бул тууралуу Медиа полиси институтунун жетекчиси Бегаим Үсөнова билдирди. Анын айтымында, аталышы өзгөргөнү менен уюм мурдагыдай эле багытта иш алып барып, жергиликтүү ММК өкүлдөрүнө юридикалык жардам берүүсүн улантат. Медиа полиси институту мындан ары журналисттер менен байланыштуу конфликтик кырдаалдарды “public-policy” (коомдук-саясат) механизмдери аркылуу чечүүгө көбүрөөк басым жасамакчы. Медиа өкүл институту 2004-жылы түптөлүп, баш-аягы 119 соттук жараяндарда ММК өкүлдөрүнүн таламын талашкан. 600дөй юридикалык кеп-кеңеш берип, медиа мыйзамдары тууралуу журналисттер үчүн окууларды өткөргөн. (EK)

XS
SM
MD
LG