Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:21

Бишкекти мыкты жасалгалоо үчүн сынак жарыяланды


Бишкек шаардык мэриясы Улуу Ата Мекендик Жеңиштин 65-жылдыгына карата шаарды мыкты жасалгалоо үчүн эскиз сынагын жарыялады. Сынакка жиберилчү эскиз долбоорлорунда борбордогу административдик имараттарды, көчөлөрдү, “Жеңиш” жана “Ала Тоо” аянтын жасалгалоо боюнча конкреттүү 10 же 12 сунуш камтылышы керек. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка эмгектер 20-февралга чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган. (EK)
XS
SM
MD
LG