Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

УКМК психотроптук заттарды мыйзамсыз ташыган чет өлкөлүктөрдү кармады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын кабарлоосуна караганда, тийиштүү оперативдик иштердин натыйжасында 30-январда чет өлкөлүк төрт жаран кармалып, алардан ири өлчөмдө психотроптук заттар жана башка дарылар алынды. Алардын эркин сатылуусуна Кыргызстанда тыюу салынган. Муну менен атайын кызматтын өкүлдөрү катуу таасир этүүчү психотроптук заттарды ташуунун эл аралык жолун бөгөштү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө. Кармалгандар УКМКанын убактылуу тергөө абагына камалышкан.(AiT)

XS
SM
MD
LG