Ал эртең Сауд Арапстандын падышасы Абдулла менен жолугушуп, талиптерди эпке келтириш үчүн жардам сурайт. Карзай өткөн аптада Лондондогу конференцияда “Куралын таштаган талиптерди саясатка аралаштыруу планын” жарыялаган. Талиптер болсо өлкөдөн чет-өлкөлүк аскерлер толук чыгып кетмейин, сүйлөшүүгө барбай тургандыгын билдиришти. 1996-2001-жылдардагы Ооганстандагы талип өкмөтүн Сауд Арапстан, Пакистан жана Бириккен Арап Эмираттары гана таанышкан болчу.