Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган фракция бүгүн “Уюлдук байланыш кызматтарынын тарифтеринин көтөрүлүшү жөнүндө” маалыматты угуп, талкууга алат. Ошондой эле “Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу долбоорду карашат. (AJ)