Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ош соту А.Саиповдун өлүмүнө байланыштуу ишти карайт


Бүгүн Ош шаардык сотунда журналист А.Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш каралат. Маалыматка караганда, Ош шаардык соту аталган ишти териштирүүнү кечээ карамак эле, бирок белгисиз себептер менен бүгүнкүгө жылдырган. Маркум журналисттин атасы Авас Саипов уулунун өлтүрүлүшүнө шектүү деп туугандары күмөн санап жаткан милициянын майору Токтосун Асаевди, журналист Даврон Насибхановду, серепчи Ыкбал Мирсаитовду прокурор сотко алып келе албай жаткандыгын, ошол себептен жогорку бийлик бул маселеге “баш ооруткусу” келбей жатканын билдирди.
Мамлекеттик айыптоочу Кубаныч Машаев болсо Авас Саипов атаган кишилердин айрымдары сотко күбө катары катышаарын маалымдады.
Ал эми бул иш боюнча айыпталуучу Абдуфарит Расулов Оштогу “Саясот” гезитинин баш редактору Алишер Саипов атылган күнү, 2007-жылдын 24-октябрында, Ош шаарында болбогондугун, муну бышыктай турган күбөлөр бардыгын айтып, тагылган айыптын бирин дагы мойнуна албай келатат. (AJ)

XS
SM
MD
LG