Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Алайда Исаковдун тарапкерлери митингге чогулуп жатышат


Мурдагы Коргоо министринин бир тууганы Рапия Исакованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда Сопу-Коргондогу Исаковдун атасынын үйүнүн короосунда митинг башталуу алдында турат. Ага Алай районунун аймагынан 200 чамалаш киши катышаары күтүлүүдө. Митингдин катышуучулары Исаковду актоо талабын коюшат. Рапия Исакова ошондой эле митинг уюштурулуп жаткан жерде тартип коргоо кызматкерлери байкоо жүргүзүп жатканын айтты.

Мурдагы Коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков 11-январда 8 жылга эркинен ажыратылып, камакка алынган. Муну саясий чечим деп эсептеген Исаковдун тарапкерлери Бишкекте жана Алайда Коргоо комитеттерин түзүп, 13-январда ачкачылык акциясын башташкан. Исаков өзү болсо Бишкек шаардык горнизондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап өткөн жумада Аскер Сотуна кайрылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG