Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Алайдагы митинг бийликке эки кайрылуу жолдоду


Алайдын Сопу-Коргон айылында бүгүн өткөн экс-министр Исаковду коргоо митинги эки кайрылуу кабыл алды. Биринчи кайрылууда алар бийликтен саясий негизде камалган, сот жообуна тартылып жаткан бардык коомдук, саясий ишмерлерди толук актоону, экинчи кайрылууда Алай районунан чыккан депутаттар Ажибай Калмаматов менен Нургазы Айдаровду нааразылык акциялары боюнча бийликке туура эмес маалымат берип жатат деп, алайлыктардан кечирим суроону талап кылышты. Акциянын катышуучулары ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын акциянын катышуучуларынан кабар алган жок деп сындашты.

Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун тарапкерлери Сопу-Коргондогу менчик үйдө өткөргөн бүгүнкү акцияга 150 чамалаш жөө адамдар, 20 чамалаш атчандар катышканы кабарланды.

Оппозициядагы саясатчы Исаков 8 жылга эркинен ажыратылып, камакка алынгандан кийин Бишкекте жана Алайда саясий туткундарды коргоо комитеттери түзүлүп, алар 13-январдан бери ачкачылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул нааразылык чараларына расмий бийлик өз оюн айта элек. Буга чейин Алайга Социал-демократтар фракциясынын лидери, депутат Роза Отунбаева барып, ачкачылык акциясынын катышуучулары менен жолугуп кайтканы кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG