Күрөш федерациясынын бүгүнкү жыйынында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин башчысы Максим Бакиевдин мамлекеттик иштери көп болгондугуна байланыштуу аны федерациянын президенти кызматынын бошотуу чечими кабыл алынды. Жетекчиликке бул милдеттен бошотуу тууралуу Максим Бакиев өзү өтүнгөн. Федерациянын вице-президенти Алмаз Касенов кайра шайлоо жыйынында анын ордуна өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов шайлангандыгын билдирди. (КЕ)