Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Ташкент Рогун ГЭСине байланыштуу Дүйшөмбүгө эскертүү жиберди


Өзбекстандын өкмөт башчысы Тажикстан премьер-министрине кат жолдоп, Рогун гидростанциясы айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келиши ыктымал деп эскертти. Шавкат Мирзияевдин айтымында, суу тартыштыгынан жана зилзалалардан көп жапа чеккен региондо гидростанция апаатка алып келиши ыкытмал. Өзбек премьери советтик доордо иштелип чыккан долбоорду экспертизадан өткөрүүгө үндөдү. Дүйшөмбү Ташкенттин эскертүүсүн көңүл сыртында калтырса, Өзбекстан эл аралык коомчулукка, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууну көздөөдө. Ташкент коңшу өлкө көп үмүт арткан Рогун долбооруна бир топтон бери каршы болуп келатат.

XS
SM
MD
LG