Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Парламентте тариф талаш жаратты


Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында Салык Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып кабыл алынды. Талкуу учурунда өкмөттүн парламенттеги өкүлү Камбаралы Конгантиев СДП фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп кайтарып жатып тарифтерди көтөрүүнүн экинчи баскычы тууралуу өкмөт өз пикирин билдире элек, элди эрте эле дүрбөтүүнүн кереги жок деди билдирди.

Депутат Иса Өмүркулов тарифтерди көтөрүүнүн биринчи баскычынын жыйынтыктары боюнча маалымат берилмейинче экинчи баскычка киришүүгө каршы болуп, экинчи баскычка чейин боло турган экспертизаны жергиликтүү адистер жасашы керек экендигин белгилеген.
Өмүркуловдун суроосуна жооп берип жатып Экономиканы жөндөө министринин орун басары Султан Акматов тарифтерди көтөрүүнүн экинчи баскычы компанияларга каржылык, техникалык аудит жүргүзүлгөндөн кийин аныкталарын айтты. Аудит жүргүзүү үчүн адистер Кыргызстандан тышкары жактан чакырылмакчы.

Кыргыз өкмөтүнүн алгачкы маалыматтарында боюнча жылуулук жана электр кубатына бааны көтөрүүнүн биринчи баскычында баа 1.50 сомго, экинчи баскычында 1,90 сомго көтөрүлөрү кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG