Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Отунбаева Президентти Петровка сотуна көңүл бурууга чакырды


Бул маселени СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында козгоду. Депутат Петровка соту “саясий буюртма иш болуп жатканында күмөн жок”, күбөлөрдүн катарында саналган мамлекеттик ишмерлер Данияр Үсөнов, Молдомуса Конгантиев, депутаттар Раиса Сидоренко, Сергей Попов сотко барып көрсөтмө бербей атышат, депутаттык комиссиянын төрагасы Сергей Попов комиссиянын жыйынтыгын сотко бере элек, ага жараша сот мыйзам чегинен чыгып, жарым жылга созулуп кетти деп билдирди. Депутат парламент аркылуу президентке кайрылып, анын Коопсуздук, коомдук тартип боюнча кеңешчисинин бул багытта эмне иш кылып жатканына кызыкты. Отунбаеванын айтымында камакта отурушкан “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин, укук коргоочулар Уран Рыскуловдун жана Сапар Аргынбаевдин саламаттыгы кыйла начарлап кетти. “Ушул саясий буюртма ишти аягына чыгаруу биздин коом үчүн зарыл болуп атат” деди оппозициядагы депутаттык топтун лидери парламент сессиясында.

Былтыр апрелде катталган Петровка окуясы боюнча кылмыш ишин Москва райондук соту териштирип жатат.
Жергиликтүү тургундун 4 жашар кызды зордукташы былтыр апрелде Петровка жаңжалын шарттаган. Бүгүн Петровка окуясы боюнча соттук териштирүү уланат. (BuS)

XS
SM
MD
LG