Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

К. Бакиев: Зергерчиликти өнүктүрүүгө шарт бар


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев бүгүн өткөн Инвестициялык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди. Бакиевдин айтымында Кыргызстан жылына 17 тонна алтын өндүрөт. Анын 3,5 пайызы гана иштетилет. Зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүү демилгеси Инвестициялык кеңеш талкуулаган беш маселенин бири болду. Зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүү боюнча биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров менен Зергерлер ассоциациясынын башчысы Чынгыз Макешовдун сунуштары угулду.
Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда мындан тышкары жыйын мурдагы отурумдун чечимдеринин аткарылышы боюнча Инвестициялык кеңештин катчысы Таалайбек Койчумановдун, бийик технологиялар паркын түзүү чечиминин аткарылышы боюнча Транспорт, байланыш министри Нурлан Сулаймановдун отчетторун угуп, Күрөө жөнүндөгү мыйзамды өркүндөтүү маселесин, Инвестициялык кеңештин 2010-2011-жылдарга планын талкуулады.
Дүйнөлүк Банктын туруктуу өкүлү Роджер Робинсон “Кыргызстандын ишкер чөйрөсү” аттуу иликтөө боюнча маалымат берди. Маалыматында Робинсон Кыргызстан ишкер чөйрөдө өзүн реформатор катары көрсөттү деди. (BuS)

XS
SM
MD
LG