Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Мелникофф Кыргызстанды Эл аралык сотко бериши ыктымал


Бул тууралуу бүгүн Мелникофф “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында “Кыргыз жери” фотокөргөзмөсүн уюштуруу үчүн Кыргызстанга президенттин кеңешчиси Тоолуу райондорду өнүктүрүү борборунун башчысы, академик Асылбек Айдаралиевдин 2009-жылдагы чакыруусуна ылайык келген.

Ал өзүнө каршы айтылып аткан бардык дооматтарды Кыргызстандын бийлигинин жана журналисттердин маалыматсыздыгы менен байланыштырды. Фотосүрөтчү кечээ АКШнын Кыргызстандагы элчисине кайрылган.

Кечээ Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы Орусия менен алакага көлөкө түшүрөт деп, фотокөргөзмөгө тыюу салууну өкмөткө тапшырган. Мындай сунуш менен мурдараак СДП фракциясы да кайрылган. Кечээ ошондой эле Маданият боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Султан Раевди президент кызматынан алган. (BuS)

XS
SM
MD
LG