Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Саясатчылар тобу Ынтымак курултайына катышуу маселесин талкуулашты


Бүгүн “Ак шумкар” партиясынын демилгеси менен бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер өлкөдөгү кырдаалды жана Ынтымак курултайына катышуу маселесин талкуулашты. Анын катышуучулары жыйын соңунда үч пункттан турган чечим кабыл алышты. Ал боюнча талкуунун катышуучулары Ынтымак курултайына президенттик квота аркылуу катышуунун жолдорун карап көрүүнү, катышууга аракет кылгандарга колдоо көрсөтүүнү жана эгерде Ынтымак курултайы менен кызматташуу ишке ашпай калса, өзүнчө курултай уюштуруу чечимин кабыл алышты. Талкууга он бештен ашуун саясатчы, коомдук ишмерлер катышты. Алардын арасында Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, Гүлнара Искакова, Чолпон Жакупова жана башкалар болду.(AiT)

XS
SM
MD
LG