Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Сокулукта акимдин орун басары пара алгандыгы үчүн кармалды


Финансы полициясынын маалымдоосуна караганда, 1-февралда А.Д. атту жаран Финансы полициясына кайрылып, Сокулук райондук акимчиликтин кызматкерлери ага тиешелүү 4.9 гектар жерин айыл чарбасы багытындагы жер категориясынан калктын отурукташуусу үчүн бериле турган жердин катарына өткөрүү үчүн 5 миң доллар талап кылып жатканын билдирген. Акимчиликтин кызматкерлерине А.Д. 88 миң сом, андан кийин 500 доллар берген. Финансы полициясынын кызматкерлери тарабынан мурда белгиленип коюлган бул акчалар Сокулук районунун акими А.Таштемировдун жана анын ортомчусунун жанына табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG