Бул тууралуу Кадамжай райондук акимчилигинен бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Эгемендик алганга чейин Кыргызстандын аймагында жайгашып калган Өзбекстандын жыйырмадан ашык мекемелерин азыркыга чейин кошуналар кадимкидей пайдаланып келишет. Жалпысынан алар Кадамжай районунун аймагынан эки миң гектарга жакын жерди ээлеп турат. Бул ишканалардын мындан аркы тагдыры тууралуу жакынкы күндөрү эки тараптуу жолугушуу Кыргызстан аймагында өтөөрү белгиленди. Өзбекстанга тиешелүү бул мекемелер үчүн Кыргызстанга эч кандай ижара акы төлөшпөйт. Бул ишканаларда иштеген Өзбекстандын миңдей атуулу күн сайын Кыргызстан аймагына өтүп кайра кетишет. (JsA)