Эмомали Рахмондун буйругу менен, журналисттер, бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү жана башка бейрасмий өкүлдөр кирген «Коомдук комиссия» түзүлүп, ал Рогун ГЭСинин курулушуна мамлекеттик каражат кандай сарпталып жаткандыгы тууралуу ар бир 10 күндө билдирүү жасап турмакчы. Жыл башында сатыкка түшкөн ГЭСтин акцияларынан бүгүнгө чейин 700 миллионго чукул доллар чогулган, ишкерлер жана жеке адамдар дагы 30 миллион доллар жардам беришкен.