Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Кино ишмерлер чукул курултай чакырууга киришти


Кыргыз кино тармагындагы абалдын оорлоп баратканына тынчсызданган кино ишмерлери Кинематографистер биримдигинин курултайын чукул чакыруу боюнча 50дөн ашык адам кол койгон кайрылууну аталган биримдиктин төрагасы Таалай Бапановго жолдошту. Бул тууралуу кинорежиссер Темир Бирназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кинематографистер биримдигинин уставына ылайык жетекчилик 10 күндүн аралыгында курултайды өткөрүүнүн мөөнөтүн тактоосу керек.
“Курултай өткөрүү зарылчылыгы кинотармагындагы жетекчилердин заманбап иш алып бара албай жатканынан жана Кинематографистер биримдигинин төрагасынын жетекчилик мөөнөтү бүткөнүнөн улам келип чыкты”,-дейт Т.Бирназаров.
Кинематография боюнча департаменттин директору Абибилла Пазылов алдыда чукул курултай чакыруу болжолдонуп жатканын, анда Кинематографистер биримдигинин төрагасы Таалай Бапановдун жетекчилик мөөнөтү декбарда бүткөндүгүнө байланыштуу төраганы шайлоо, кино тармагынын түзүмү тууралуу жана аталган тармактагы көйгөйлөр, алдыдагы иш аракеттер талкуулана тургандыгын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG