Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

А.Мадумаров: И.Исаковдун ак экенинен кенедей дагы күмөнүм жок


Мындай пикирин Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиевдин атына И.Исаковго акыйкат чечим чыгарууга байланыштуу бир топ кайрылуулар түшкөн жана өзү да кайрылуу жолдогон. “И.Исаковдун эч күнөөсү жок. Сабаттуу укук коргоочулар, күч колдонуучу органдын кызматкерлери муну билип эле турушат. Тескерсинче, өлкөгө миллиондогон зыян алып келген адамдар жогору жакта отурбайбы. Алардын атын атоонун кажети жок. И.Исаков кыргыз жоокерлерин чөгөлөп калган учурдан курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип, казармаларды салып, офицерлерге батир салдырып койгон киши. Ага мынчалык кара ниеттик кылбаш керек”, - деди А.Мадумаров. Ал ошондой эле президент Курманбек Бакиев эртеби-кечпи Конституциянын кепили катары адилеттүү чечимин чыгарат деп ишеним артаарын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG