Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:50

Ачкачылык уланып жатат


Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен 13-янгварда башталган саясий ачкачылык акциясы уланууда. Мурдагы коргоо министри И. Исаковдун, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаевдин, укук коргоочулар С. Аргынбаев менен У. Рыскуловдун камактан бошотулуусун талап кылып, бүгүн Бишкекте 6 киши, Алайда 10 киши ачкачылык кармап отурушат. Социал-демократиялык партиянын Бишкектеги баш кеңсесинде ачкачылык жарыялап отургандарга түштөн кийин дагы беш улан-кыз кошулары кабарланууда.
Мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаковдун акталышын талап кылган нааразылык иш-чаралары 3-февралда Алайда болуп өттү. Бүгүнкү күнгө райондун борборунда нааразылык акцияларын өткөрүүнү максат кылган И. Исаковду коргоо комитети иш-чараларды кийинки жумага калтырган. Аталган комитеттен "Азаттыкка" маалымдашкандай буга 10-февраль күнү Республикалык аскер сотунда И. Исаковдун иши каралышы себеп болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG