Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

“Кыргызтелекомдун” 78% акциясы сатылды


Мамлекеттик мүлктү башкаруу министри Турсун Турдумамбетовдун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча “Кыргызтелекомго” Казакстандын “K.S.D”, Кипрдин Nimisco Holding Co. Limited жана Colimar Holding Co. Limited, ошондой эле Кыргызстандын “Ала-Тоо кени” ААКнан турган консорциум кардар болуп, 78% акциясына 1 млрд. 280 млн. сом сунуш кылышкан. “Кыргызтелекомдун” баштапкы баасы Кыргызстандын алыскы айылдарына телефон байланышын жеткирүү жана мамлекеттик телеканалдарды тарифтик саясатка ылайык обого чыгаруу талаптары менен кошо 1 млрд. 628 млн. сом болгон. Консорциум төрт жылдын ичинде бул тармакка 200 млн. доллар инвестиция кылмакчы деп билдирди министр Турсун Турдумамбетов.

“Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасы эки жыл мурун сатыкка коюлган. Ишкананы сатып алууга Орусия, Түркиянын ишкерлери кызыгуусун билдиргени айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG