Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Ачкачылык акциясында отургандар сотко кысым жасагысы келбейт


Мурдагы Коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаковдун акталышын талап кылгандар ачкачылык акциясын 9-фервалдын кечинде убактылуу токтоткон атышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Саясий туткундардыр коргоо комитетинин башчысы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү комитет маалымат жыйынын уюштуруп, жарыялаган атат. Сотко кысым көрсөтпөө максатында комитет ушундай чечим кабыл алды деп билдирди Тургуналиев. 10-февралда Аскер Соту Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун апелляциялык арызын карары күтүлүүдө. Сегиз жылга эркинен ажыратылып, камакка алынган Исаковдун тарапкерлери 13-январдан бери Бишкекте жана Сопу-Коргондо ачакчылык акцияларын өткөрүп жатышат. Бүгүн Бишкекте 9, Сопу-Коргондо 10 киши ачкачылык акциясын улантышты. .(BuS)

XS
SM
MD
LG