Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Украинада эртең президенттик шайлоо өтөт


Өлкөдө эртең президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болот. Бүгүн өнөктүккө тыйуу салынган. Кечээ талапкерлер – Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен премьер-министр Юлия Тимошенко – колдоочуларына соңку кайрылууларын жасашты. Янукович эртең “жеңишке жетем” деп билдирди. Анткени 2004-жылдагы “саргылтым ыңкылаптын” шарапаты менен бийликке келген Юлия Тимошенко жана анын санаалаштары украин элин бакубат жашоого жеткире албады деп эсептейт. "7-февраль “Саргылтым доордун” акыркы күнү болот, - деп айтты ал. - "Саргылт башкаруучулуктун” беш жылы украиналыктарды минтип жашоого болбой тургандыгына ишендирди. Украиналыктардын көбү шайлоонун биринчи айлампасында “саргылтчыларсыз Жаңы Украина үчүн” добуш беришти". Тимошенко болсо Януковичти эртеңки шайлоону бурмалоого аракет кылышы мүмкүн деп айыптап, эгер андай болсо, элди көчөгө алып чыгаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG