Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Украинадагы шайлоого кыргызстандыктар көз салууда


Кыргызстанда Украинадагыдай демократиялуу шайлоо боло элек. Мындай пикирин Украинадагы шайлоого байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып белгилүү коомдук ишмер, Кыргызстандын Украинадагы мурдагы элчиси Эсенгул Өмүралиев билдирди. Элчинин пикиринде, Кыргызстанда бардык шайлоо өнөктүктөрү бийликтин жетегине ыңгайлашкандыгы менен айырмаланат.
Өмүралиев Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы кимдир-бирөөнүн жеңиши менен аяктайт деп ойлобойт. Буга Украинага кызыктар тышкы күчтөрдүн таасири тиет. Ага жараша Украинада президенттик шайлоонун үчүнчү айлампасы болуп, ага жаңы талапкерлер келиши мүмкүн.

Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 7-февралда болот. Ага Юлия Тимошенко менен Виктор Янукович катышууда. Президенттик шайлоого Кыргызстандан Эл аралык байкоочу уюмдардын тобунда 20дан ашык киши көз салууда.(BuS)

XS
SM
MD
LG