Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Ооганстандын түштүгүндө эл аскерий операциянын алдынан там-жайын калтырып кетишүүдө


Хелманд вилоятында эларалык аскер күчтөрү менен ооган аскерлери жакынкы күндөрү талиптерге каршы биргелешкен ири операция өткөргөнү жатышат. “Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги билдиргенине караганда, 80 миңдей калкы бар Маржа шаарчасынан жүздөгөн адамдар үйлөрүн таштап кетишти. Аналитиктер болсо “Бирге” деп аталган бул операция АКШнын президенти Барак Обаманын ооган жерине кошумча 30 миң аскер жиберүү чечими үчүн чоң сыноо болот дешет. Ушул эле агенттикке талиптердин өкүлү “согушка даярбыз” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG