Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

9-февралда 1-Май райондук соту А. Жекшенкуловдун ишин кароону улантат


Бул күнү айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. Өткөн шейшембиде болгон соттук териштирүүдө А. Жекшенкулов көрсөтмө берип, тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо мамлекетке бир тыйын да зыян келтирилбегенин, ал эми 2007-жылы Таласта өлтүрүлгөн түрк ишкери Сервет Четиндин өлүмүнө эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.
Мурдагы тышкы иштер министри, оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери А. Жекшенкулов “Кыргыздипсервистин” имаратын оңдоодо мамлекетке зыян келтирген жана түрк ишкери Сервет Четиндин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген айып менен өткөн жылы 9-мартта камакка алынган. Бир нече ай Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында жатып, саламаттыгына байланыштуу үй камагына которулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG