Парламенттин 11-12-февралдагы отурумунда депутаттар ондон ашуун маселелерди карашат. Алардын ичинде "Мугалимдин статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөр, Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында кытай тили кошумча чет тили катары окутулуучу мектеп куруу багытындагы макулдашууну жактыруу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору жана башка мыйзам долбоорлору каралат.
Жыйында парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы И.Жунусов Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаратылыш газынын берилиши боюнча маселенин Жогорку Кеңештин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинде каралуусун сунуштады. Аталган комитеттин төрагасы А.Кулбаев бул маселе комитеттин 2010-жылдын 9-февралында боло турган жыйынында талкууланаарын билдирди.
Координациялык кеңештин жыйыны бүгүн парламенттин төрагасы З.Курмановдун төрагалыгы астында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)