Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Ө.Токтонасыровдун ишин Ленин райондук соту кароодо


Ленин райондук ички иштер бөлүмү “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун УТРКнын алдында пикетти уюштурганы мыйзамсыз деп 371-берене боюнча административдик айып тагып, ишти Ленин райондук сотуна тапшырды. Учурда соттук териштирүү жүрүүдө. Ө.Токтоназаров ага байланыштуу Ленин РИИБ кызматкерлеринин кыймыл аракеттери мыйзамсыз деп эсептеп, шаардык прокуратурага арыз жолдоорун билдирди. Ал эми Ленин РИИБдин өкүлдөрү болсо бул ишти мыйзамдын чегинде караганын, ага карата эч кандай күч колдонулбагынын “Азаттыкка” билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG