Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Фермерлерге күрөөсү жок кредит берилет


Бүгүн өкмөт үйүндө Өнүктүрүү корунун облусттардын губернаторлору үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо боюнча микрокредиттөөчү компаниясынын тушоо кесүүсү болду. Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевдин төрагалыгы астында өткөн кеңешмеге бардык областтык администрациялардын башчылары, ӨИИБАнын жана Өнүктүрүү фондусунун, өнөктөш банктардын жана микрокредиттөөчү компаниялардын жетекчилери катышышты. Иш-чаранын учурунда губернаторлор Өнүктүрүү фондусу тарабынан түзүлгөн микрокредиттөөчү компаниянын иштөө механизми, фермердик жана дыйкан чарбаларын кредиттөөнүн шарттары менен таанышышты.

Максим Бакиев айыл чарба секторун өнүктүрүү - Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттиктин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.

“1-февралда Өнүктүрүү фондусунун микрокредиттөөчү компаниясы каттоодон өттү, ушул жумадан арыздар кабыл алына баштайт, 15-февралдан өнөктөш банктын филиалдары аркылуу Кыргызстандын бардык региондорунда кредиттерди берүүнү баштоо пландаштырылууда. Азыркы учурдагы эң башкы милдеттердин бири - фермерлерге жана дыйкандарга акча каражатын жазгы талаа жумуштары башталганга чейин берип үлгүрүү керек” деди Максим Бакиев.

Борбордук агенттиктин жетекчисинин айтымында, 2010-жылы микрокредиттик компания аркылуу айыл чарбасын каржылоого 1 миллиард сом бөлүү пландаштырылууда. Кредиттер жеңилдетилген шартта берилет: максималдуу төлөм 23% түзөт.

“Товардык кредиттерди берүү, башкача айтканда, дыйкандарга кредитти үрөн же күйүүчү май түрүндө берүү практикасынан баш тартуу керек. Фермерлер кредитти акчалай түрдө алууга тийиш” деп белгиледи Максим Бакиев.

Микро каржылоо боюнча долбоордун маанилүү шарттарынын бири болуп, алыскы райондордун фермерлерине каржы ресурстарын алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Өнүктүрүү фондусунун каржы директору Рифат Утюшев айткандай, насыялар республика боюнча 75 бөлүмдө берилет, жылдын акырына чейин мындай пункттардын санын 105ке жеткирүү пландаштырылууда. Ошондой эле алыскы, барууга кыйын райондорго да көчмө кассаларды уюштуруу пландаштырылууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG