Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Ирак парламенти талапкерлер маселесин талкуулайт


Ирактык мыйзамгерлер бүгүнкү чукул жыйынында мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин “Баас” партиясына тиешеси бар деген шек менен 500дөй талапкердин алдыдагы парламенттик шайлоого катышуусуна салынган тыюунун жокко чыгарылышын талкуулоого дагы бир жолу аракеттенмекчи. Премьр-министр Нури ал-Маликинин өкмөтү апелляциялык соттун жогорудагыдай чечимин “мыйзамсыз” деп атаган жана парламентти чара көрүүгө чакырган. Ирак парламенти бул маселеге кечээ кайрылууга аракеттенген, бирок чукул сессияга 275 депутаттын 75и эле келген болчу.

Бул аралыкта кечээ шийиттердин саясий партиялары Ирактын бир катар шаарларында “Баас” партиясына тиешеси бар деп шектелгендердин шайлоого катышуусуна тыюу салган чечимдин жокко чыгарылуусуна каршы нааразылык чараларын өткөрүштү. Маалыматтарга караганда, 7-мартка белгиленген шайлоого катышуусуна шайлоо комиссиясы тыюу салган 500дөй талапкердин көбү сунниттер. Ал эми парламент менен өкмөттө азыр шийиттер үстөмдүк кылат.

XS
SM
MD
LG