Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Украина: Янукович Тимошенкодон бир аз алдыда


Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттик шайлоонун кечээги экинчи айлампасындагы бюллетендердин 95% саналгандан кийинки маалыматына караганда, оппозиция лидери Виктор Януковичке добуштардын 48,23%ы, ал эми премьер- министр Юлия Тимошкенкого 46,16%ы тийди. Ошентип ортодогу айрыма азырынча эки пайыздан бир аз ашуун гана. Янукович кечээ эле өзүн шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялап, атаандашы Тимошенкону өкмөт башчысынын кызматынан чегинүүгө чакырды. Янукович ага катар жактоочуларын куттуктоо менен өлкөнү бириктирүү жана экономикалык кризистен алып чыгуу үчүн иштерин белгиледи:

-Биз өлкөбүздө жана саясатта душман издебешибиз керек. Биригип, жакырчылык, жоопкерсиздик, коррупция өңдүү душмандарды жеңишибиз абзел. Биз ийгиликтүү жана кубаттуу өлкө курушубуз зарыл.

Украинадагы азыркы шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн Орусия жана Батыш менен болочок мамилесинде маанилүү роль ойноосу мүмкүн. Шайлоо өнөктүгү учурунда эки талапкер тең Украинанын Европага интеграциясын жана Орусия менен мамилени чыңдоону жакташаарын айтышкан. Бирок беш жыл мурда Саргылт ыңкылаптын лидерлеринин бири болгон Тимошенко Украинаны беш жыл ичинде Евробиримдикке кошууну көздөөрүн да кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG